Жерүйгө жумшалган инвестициянын суммасы 600 миллион долларды түздү

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 19-20-21-июнь күндөрү тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө, – деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, иш-чарага комитеттин мүчөлөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин жана тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышууда.

Сапардын биринчи күнүндө эл өкүлдөрү Жерүй алтын кенине барышты. Кен Талас районунун аймагында Чоң-Чычкан дарыясынын жогорку агымында Үчкошкой суусунун сол куймасы, кырка тоолордун түндүк капталдарынын ортоңку Талас Алатаусунун бөлүгүндө 3200-3700 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы Кара-Ой айылы 23 км алыстыкта жайгашкан жана кенге жакшыртылган кара жол менен туташтырылган. Жерүйдөгү алтындын баланстык запасы С1+С2 категориясы боюнча 12376,6 миң тонна руда жана 81428 кг алтын өлчөмүндө белгиленген.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө Жерүй кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин Жерүй аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коом «Восток-геолдобыча» ачык акционердик коому тарабынан уюмдаштырылган.

Жерүйдү иштетүү үчүн Талас алтын кен комбинаты курулган. 2015-жылы Жерүйдө геологиялык, топогеодезиялык, инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле кенди иштетүүнүн технологиялык регламентин кайра иштеп чыгуу башталган. Ал эми 2017-жылдын апрель айында Жерүй кенинде жолдор жана инфраструктура курулушу башталып, 2019-жылдын ноябрында Жерүйдө кен казуу иштери башталган. 2020-жылдын март айында алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика жана калдык сактоочу жайы ишке киргизилген.

Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү учуруна Жерүйгө жумшалган инвестиция (2015-жылдын июнь – 2020-жылдын март айы) 410 млн долларды түздү. Жерүй долбооруна инвестициянын жалпы көлөмү (анын ичинде ачык жана жер астындагы тоо-кен иштерин, кайра иштетүү комплексин техникалык жабдууну кошкондо) 600 миллион долларга бааланат.