УКМКнын расмий порталында каталар талкууда

УКМКнын расмий порталында, аталган мекемеге кызмат өтөөнү каалаган жарандар үчүн жазылган кыргыз тилиндеги маалыматта бир катар олуттуу каталар менен жазылган.

УКМКнын мурунку сайтына чабуул болгондугуна байланыштуу, портал кайрадан иштелип чыгып жатыптыр.

“Учурда сайт толук ишке кире элек. Кайрадан иштеп чыгуу иштери болуп жатат. Биздин сайтка улам эле чабуул жасап жаткандыгына байланыштуу азырынча дагы карап турабыз”, – дешти мекеменин маалымат кызматы.

Эске салсак, буга чейин да Кыргызпатенттин расмий сайтына чабуул жасалып, ал жакка жеңил ойлуу кыздардын телефон номери жайгаштырылган болчу.

ukmk 3 1536x864 1 УКМКнын расмий порталында каталар талкууда
ukmk 1024x576 1 УКМКнын расмий порталында каталар талкууда