“Мен жалпыңыздарды, бүткүл элибизди жеңиши менен куттуктайм”, – президент

“Кумтөр” кени мындан ары толук түрдө Кыргызстанга таандык, тагыраак айтканда компания 100 пайыз республиканыкы. Муну кыргыз элине жана жалпы дүйнө коомчулукка жарыялайм. “Центерра” менен талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу боюнча келишимге жаңы эле кол коюлду.

Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур десем аша чапкандык болбостур. Анткени элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген ушундай болуш керек. Мен жалпыңыздарды, бүткүл элибизди бул жеңиши менен куттуктайм”, – дейт президент.