
Бүгүн, 18-июнда «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы аянтчада 8- Эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чараны мэрия Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте өткөрүүдө.
«Йога күнү белгилөө эки бөлүктөн турат: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда массалык йога сабагы жана маданий программа. 500гө жакын катышуучу тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашат», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын негизги максаты — Covid-19 пандемиясынан кийин жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу болуп саналат.
Башталышы саат 18:00дө.
