Чүй районунун аймагында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

2022-жылдын 16-июнь күнү Чүй РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен милиция кызматкерлери айылдарды, эс алуу жайларын кыдырышып, жергиликтүү тургундар, эс алуучулар менен жолугушту.

Анда жай мезгилине жана окуучулардын каникулга тарашына байланыштуу сууга чөгүүлөрдү алдын алуу максатында сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп беришти.

Азыркы күндө аба ырайынын жогорулашына байланыштуу жарандарга балдарынын район ичинде жайгашкан канал, көлмө, суу сактагыч ж.б. сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге барып сууга түшпөшүн эскертишип, алардын коопсуздугу үчүн көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтышты. Ошондой эле милиция кызматкерлери Чүй районунун бардык жерлериндеги кооптуу жерлерди текшеришти.

WhatsApp Image 2022 06 18 at 10.42.51 1 1 Чүй районунун аймагында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2022 06 18 at 10.42.51 Чүй районунун аймагында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2022 06 18 at 10.42.48 Чүй районунун аймагында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы