Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталат, – Жапаров

Садыр Жапаров 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди.

Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү  ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон  көп функциялуу спорттук арена болот.   Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.