Апрель айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 79,7 миллион доллар которгон

Быйыл жылдын апрель айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 79,7 миллион доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банк таратты.

Маалыматка караганда, каражаттын негизги бөлүгүн же жалпы сумманын 92%ын жарандар Орусияга жөнөтүшкөн (73,3 млн доллар).

Кошумчалай кетсек, өткөн айга салыштырмалуу акчанын агымы март айында 35,4 миллион доллардан 2,3 эсеге өсүп, тарыхый максимумга жеткен.