Жер тилкелерин ишеним каттын негизинде сатып алгандар президентке кайрылды

Социалдык тармактарда “Ак-Ордо 2” жаңы конушунун тургунундарынын милицияга нааразы болгон видеосу тарап жатат.

Анда кайрылуу жасаган адам аны жана дагы алты кишини үй-бүлөөсү менен мамлекеттик органдар үйүнөн күч менен чыгарып жатышканын айтып даттанды.

Тасмадагы киши билдиргендей алар жер тилкелерин ишеним каттын негизинде сатып алышкан жана үй салып көптөн бери жашап келишет. Бирок, акыркы тапта ишеним кат менен сатылган жерлердин башка кожоюну табылып, учурда ал жерлерди талашууда.

“Мен төрт балам менен көчөдө калмай болдум. Жер алып жатканда эч кандай маселе жок болчу. Мындан улам биз үй салып, отурукташып алганбыз. Эми азыр жердин башка кожоюндары чыгып, же 10 миң доллар бер, же жерди кайтар деп талап коюп жатышат. Бизде кайдагы 10 миң доллар? Жада калса 10 тыйыныбыз жок отурабыз. Бүгүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү террористке келгендей келишиптир. Алы жеткени эле биз. Ушунун ордуна чек арага барышса болмок”,— деп арманын айткан “Ак-Ордо 2” конушунун тургуну.