Күйүүчү май ташуучулардын кыйла көбөйүп кеткендиктен чек арада тыгын пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөргө акыркы кездери күйүүчү май ташуучулардын кыйла көбөйүп кеткени себеп болууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме өз билдирүүсүндө эки өлкөдөгү күйүүчү майдын баасындагы айырмачылыктан улам чек арадан бензин ташып өткөндөр кыйла көбөйгөнүн белгилеген.

«Алардын көбү автоунааларына кошумча май куючу бактарды кошуп алып, жүк ташуу эрежелерин бузуп жатышат. Мындай категориядагы жүк ташуучуларга чек арадан өтүүдө эч кандай чектөө жок. Бирок алар өткөрмө бекеттерге жакын жерлерде автоунаалардын тыгынын жаратууда», – деп жазылган Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде Кыргызстанда күйүүчү май дээрлик эки эсеге кымбаттады. 2021-жылы январда Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 35 сом болсо, азыр 60 сомдон сатылууда.

Бүгүнкү күндө Казакстандын Алматы шаарында АИ-92 бензининин орточо баасы 32 сомду түзүүдө.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну «соода согушу» деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Бирок майдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети айрым кыргыз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга аткез жүктөрдү алып кирүү боюнча «өз схемаларын» ишке ашырып жатканын билдирген.

Майдын аягында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланган.

Июндун башында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Нур-Султанды кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырган.