
Арзыбек Кожошев Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кожошев Арзыбек Орозбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.