Москвада Улан Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары Виктор Стригунов менен жолукту

Москвада Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун биринчи орун басары-Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин башкы колбашчысынын орун басары генерал-полковник Виктор Стригуновдун жолугушуусу болуп өттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Ниязбеков Виктор Стригуновду, ошондой эле Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын өздүк курамын жана ардагерлерин 12-июнда белгиленген Россия күнү менен куттуктады. Баарына бекем ден-соолук, бакубатчылык, ал эми Россия элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бейкуттукту каалады.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 08.20.22 Москвада Улан Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары Виктор Стригунов менен жолукту


Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүнкү иш сапары эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташуунун уландысы экендигин белгиледи. Быйыл Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелерине 30 жыл толду (Эске салсак, 2022-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин калыптанышына 30 жыл толду).


«Үстүбүздөгү жылдын 16-майында өткөн Россия менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусу учурунда мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн, достук мамилелерди кеңейтүүнүн, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоонун негизинде кызматташтыкты ар тараптан тереңдетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген. Бул жагдай биздин мамлекеттерибизде криминогендик кырдаалдын начарлашына жол бербөө жана экономиканы өнүктүрүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча белгилүү чараларды жүргүзүү жоопкерчилигин жүктөйт.
Бүгүн кол коюлган биздин мекемелердин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу коопсуздукту камсыздоо, экстремизмге каршы аракеттенүү, курал-жаракты, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо жана кылмыштардын жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди жүргүзүү максатында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызмат кылат.
2021-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары ийгиликтүү өткөрүлгөн.

Бул машыгууларга Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын өкүлдөрү активдүү катышкан. Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын, ИИМдин, башка түзүмдөрдүн макулдашылган иш-аракеттеринин жана Россия тарап берген жабдуулардын аркасында биз бул окуулардын алкагында жогорку натыйжаларга жетише алдык. Бул иш-чаралар коопсуздуктун көйгөйлөрүн так көрүүгө жана эки тараптуу форматта биргелешкен ишти жөнгө салууга мүмкүндүк берди. Мындай өз ара аракеттенүү, өзгөчө баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө актуалдуу жана ал кеңейтилүүгө тийиш.


Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо тажрыйбасы биз үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп кетким келет. Биз тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз», – деди Улан Ниязбеков.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маселелердин кеңири спектрин талкуулашты.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 08.20.38 Москвада Улан Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары Виктор Стригунов менен жолукту

ИИМдин Басма сөз кызматы