Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды

Бишкекте балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

whatsapp image 2022 06 15 at 11 07 48 Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды

Маалыматка ылайык, 12 жылдан бери ал жер өрттөн кийин иштебей турган.

«Биз реабилитациялык борбор курууну көптөн бери пландаштырганбыз. Ал балдар үчүн жакшы жөлөк болуп, алардын көбүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берерине ишенем», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кабинет президенттин аппаратына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы объектинин буйрутмачысы экенин белгиледи. Жер тилкесинин аянты 1892 чарчы метр (0,1892 га), имарат (долбоор боюнча) 1728 чарчы метр, курулуш аянты 508 чарчы метр. Объекттин курулушун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

62a96f65598ec thumb Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды
62a96f647fe9a thumb Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды
62a96f64c5472 thumb 1 Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды
62a96f64715f9 thumb Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды
62a96f64a9072 thumb Акылбек Жапаров балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды