Эдил Байсалов: Мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү туура эмес, бирок мугалим кечирим сураган

Бүгүн, 27-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №24 А. Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясына ЖРТ сынагы өтүп жаткан учурда барды.

Эдил Байсалов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кечээ жакында катталган мугалим менен окуучунун чыры тууралуу комментарий берди. Ал мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү туура эмес болгонун айтып, бирок өз катасын сезген мугалим кечирим сураганын белгиледи.

«Биз буга чейин Билим берүү министрлиги менен биргеликте жоболорду жана мугалимдер үчүн катуу эрежелерди киргизүү талаптарын койгонбуз. Эгер мугалим окуучу менен пикир келишпестик жаралса же окуучу тартип бузса, өзүн агресивдүү алып жүрүп мугалимдин беделине сокку боло турчу аракет кылса ал мугалимдин иши болбоосу керек болчу. Мугалим ошол замат окуучуну класстан чыгарып мектеп директорун чакырсын. Окуучуну ушундай иш менен өз катасын сезүүгө алып келүү керек. Ал эми аны чоң чырга айлантып же кол көтөрүү туура эмес. Тартип бузган окуучунун ишин андан ары мектеп жетекчилиги менен ата-энесинин карамагына өткөрүү туура болот», — деди Байсалов.

Ал кошумчалагандай, мындай тартип менен мугалимдин беделин сактап калуу аракети болмок.

«Сабак учурунда чыккан чыр мугалимди анын негизги билим берүү ишинен бөлбөөсү керек. Эгер окуучу тартип бузса анын ишин мектеп жетекчилиги кароосу абзел. Ата-энесин же жооптуу өкүлдөрүн чакырып чечим чыгарып, окуучуну мектептен чыгаруу чечимин кабыл алса да, анын мугалимге тиешеси жок болгону оң», — деп билдирет ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим өз арызы менен жумуштан кеткен.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билдирүү таратып, мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтыган.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.