УКМК Марат Казакпаев тууралуу үн катты

Марат  Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып УКМКнын тергөө камак жайында (ТКЖ) Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта жатат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. Буга чейин Марат Казакпаевдин ден-соолугу начарлап комага түшүп калганы кабарланган.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

М.С. Казакпаев ТКЖга жайгаштырылгандан тартып УКМК  аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган.

19-апрель күнү көзүнүн көрүүсүнүн начарлашы боюнча арызынан улам врач окулисттин кароосунан өтүп, оң көздү УЗИден текшерүү сунушталып, жыйынтыгында “Оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмиясы, эки көзүнүн жогорку миопиясы” деген диагноз коюлган.

27-апрель күнү 19-майына чейин Марат Казакпаев Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.