ИИМ: Мурда бир нече жолу сотттолгон адам уурулукка шектелип кармалды

Эки ай мурда жергиликтүү ишкер Ленин районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, анын мүлкүн уурдаган белгисиз адамдарды таап, аларга карата чара көрүүнү суранган.


Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде таңкы саат 4 чамасында кол салгандар уюлдук телефондорду, аксессуарларды жана жабдууларды саткан дүкөнгө эшигин ачып киришип, болжол менен 150 миң сомдук мүлктү уурдап кетишкен. Уюлдук телефондун аксессуарлары жана бир нече ноутбуктар уурдалган.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.


Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул уурулук фактысына тиешеси бар жаранды аныкташкан.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмыш жасаган деп шектелип, Бишкек шаарынын аймагынан Чүй облусунун тургуну 1984-жылы туулган А.А. кармалды. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран А.А. мурда 7 жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар жогу текшерилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы