Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө кыйноолорго жол бербөө негизги критерийлердин бири болуп саналат

Ички иштер министрлиги тарабынан убактылуу кармоочу жайларда адам укуктарынын бузулушуна жол бербөөгө, кыйноолорду жана башка орой, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн аныктоого, бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталган чаралар көрүлүүдө. Адамдын негизги укуктарын сактоо, кыйноолорду колдонууга жол бербөө ички иштер органдарынын ишинин негизги критерийи болуп саналат жана буга байланыштуу ведомствонун ишине заманбап механизмдерди киргизүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.


7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков адистештирилген мекемелерде кыйноолорду колдонуу фактыларынын төмөндөшү укук коргоо органдарынын тоскоолдук кылуусуна байланыштуу экендигин билдирген.

Ошондой эле кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери фактыларды жаза албай тургандыгын, бирок кыйноолор жоголбогонун, аларды колдонуу ыкмалары өзгөргөнүн кошумчалаган.
“Эгерде мурда орой мамиле жана кыйноолор ички иштер бөлүмдөрүндө, ШМБ жана АМБде колдонулган болсо, анда азыр көп учурда адамдар бейтарап аймакка чыгарылып, ал жерде кыйноолор колдонулуп, андан кийин гана “даяр” айыпталуучуну тергөөгө алып келишет”,-деген пикирди кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси билдирген.
Мындай билдирүү акылга сыйгыз, жөнөкөй тил менен айтканда, мындай нерселерди өз ысымы менен атагыбыз келбейт. Кыйноолор жөнүндө кайрылуулардын санынын азайышына ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү сапаттуу иштин жана адамдын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы себеп болдубу же Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун иши түрткү болгонбу? Өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 14.59.48 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө кыйноолорго жол бербөө негизги критерийлердин бири болуп саналат


Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалардын алдында медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилет. Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартибинин эрежелерине ылайык адамдарды камераларга жайгаштыруунун алдында убактылуу кармоочу жайдын нөөмөтчүсү тарабынан кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондорду аныктоо боюнча алардын ден- соолугунун абалы жөнүндө суралат. Ден-соолугунун абалынын начарлашы боюнча даттануу же оорунун ачык-айкын белгилери бар болгон учурда УКЖнын нөөмөтчүсү тез жардам бригадасын тез арада чакырууга милдеттүү. Ден-соолугунун абалына жана көрсөтүлгөн медициналык жардамдын мүнөзүнө карата даттанган шектүүлөр жана айыпталуучулар, арыздануучулар жөнүндө сурамжылоонун жыйынтыгы атайын журналга жазылат, ал убактылуу кармоочу жайдын нөөмөтчүсүндө туруктуу сакталат.


Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга ыкчам медициналык жардам медициналык тез жардам бригадалары тарабынан көрсөтүлөт. Убактылуу кармоочу жайда медициналык жардамды талап кылган курч психикалык, инфекциялык жана кечиктирилгис башка курч оорулардын белгилери бар адамдарды кармоого уруксат берилбейт.


Азыркы учурда республика боюнча 45 убактылуу кармоочу жай иштейт, алардын бардыгы ИИОнун имараттарында жайгашкан жана 24 саат бою нөөмөттүк кызматтар тарабынан көзөмөлдөнөт. Аталган убактылуу кармоочу жайларда 300дөн ашык видеокамера орнотулган.


ИИОнун убактылуу кармоочу жайларынын имараттарынын көпчүлүгү 1960-80-жылдары курулган. ИИМ кармалган адамдарды убактылуу кармоочу жайларда кармоонун шарттарын жакшыртуу максатында эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ, Эл аралык Кызыл Крест Комитети жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө. Учурда бир катар иштер аткарылып, медициналык жардам көрсөтүүдө да оң натыйжаларга жеттик.


2014-жылдан тартып Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте ИИОнун 10 убактылуу кармоочу жайларында “УКЖда медициналык кызмат көрсөтүү” долбоору ишке ашырылып, анын жыйынтыгы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык оңдоо-курулуш иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары Эл аралык Кызыл Крест Комитети ички иштер бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларды кошумча түрдө төшөктөр, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо.


2017-жылдын аягында ЕККУнун өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайынын имаратына капиталдык ремонт жүргүзүшкөн. 2018-жылы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин өкүлдөрү тарабынан Баткен районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайынын имаратынын курулушун башташып, ал 2019-жылы пайдаланууга берилген.
Андан сырткары, 2020-жылы Кочкор районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайынын, ал эми 2021-жылы Кадамжай районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайынын жаңы имаратынын курулушу аяктаган. Алардын курулушун толугу менен ИИМдин Курулуш-монтаждоо башкармалыгы жүргүзгөн.
2021-жылдын 12 айында республиканын ИИОнун убактылуу кармоочу жайларында ар тараптуу 8461 текшерүү өткөрүлдү: ИИОнун жетекчилиги – 5953, прокуратуранын өкүлдөрү – 2001, Акыйкатчы – 204, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттуктук борбор – 265 жана бейөкмөт уюмдар-38.
2022-жылдын 5 айында республиканын ИИОнун убактылуу кармоочу жайларына 4148 текшерүү жүргүзүлгөн: ИИОнун жетекчилиги – 3283, прокуратуранын өкүлдөрү – 724, Акыйкатчы – 47, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттуктук борбор – 78 жана бейөкмөт уюмдар-16.