Нарында топурак басып калган адам куткарылды

Кечээ, 8-июнда түнкү саат 23.05те Нарын шаарынын Айгыржал көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин адамды топурак басып калды деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Э.Т. аттуу шаар тургунун куткарып, “Тез жардам” кызматына болжол менен саат 23.30да өткөрүп беришкен.

36 жаштагы шаар тургуну экскаватор казган чуңкурда суу өткөрүүчү түтүкчө орнотуп жатканда үстүнөн топурак басып калган. Бактыга жараша ал аман калды.