№95 мектептин алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясынан кийин шаардагы №95 мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.

Мындай чечимди Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия чыгарганы жана алар Эмгек кодексине ылайык жумуштан бошотулганы кабарланды.

Комиссия окуучулардын укуктары менен коопсуздугун коргоо боюнча иштерди так аткарбаганы үчүн мектептин директорун тартиптик жазага тартуудан баштап кызматтан алууга чейинки чара көрүүнү сунуштады.

Мэрияда түзүлгөн комиссия №95 мектептин башталгыч классынын мугалимдери 13 класстын окуучуларына аквапаркка эс алуу уюштурганын аныктады. Бирок бул тууралуу мектептин администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына маалымат берилген эмес. “Ала-Тоо” аквапаркына 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барган.