ӨКМ «Ривер паркын» калыбына келтирүүгө киришти

Каракол шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 2021-жылдын жай айларында селден жабыркаган «Ривер паркын» калыбына келтирүүгө киришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактын бир бөлүгү кыш жана токулган габион зым торлору менен бекемделген. Ошондой эле Каракол дарыясынын нугун Пржевальский көчөсүнөн Набережная жана Бойная көчөлөрүнүн кесилишине чейин жээктерин бекемдөө, тереңдетүү жана тегиздөө иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ак-Суу районунун жергиликтүү тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Ведомствонун калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынан билдиришкендей, быйылкы жылы сел, суу ташкындарын алдын алуу, жер астындагы суулардын деңгээлин жогорулатуу максатында коргоо чаралары бекитилген.

Эске салсак, 2021-жылдын июль айында Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда болгон селдин кесепетинен жолдорду жууп, дамба бузулган. Кызыл-Суу айылында турак үйлөрдүн короолорун жана чарбалык курулуштарды суу каптап, эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнү суу агызып кеткен.

Селдин кесепетинен Каракол шаарындагы 2017-жылы курулган «Ривер паркы» да жабыркаган.