Чек арада жараат алган экинчи аскердин абалы оор деп бааланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам жабыркаган эки аскердин абалы орто оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Бишкектеги Улуттук госпиталга алынып келинип, диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

“2001-жылы туулган С.у.Б. аттуу аскердин абалы орто оор, эсинде, өз алдынча дем алууда нейротравма бөлүмүндө жатат. Ага баш сөөгүнүн жаракаты, мээнин чайкалышы, дененин, бел омурткасынын сынышы деген диагноз коюлган.

Ал эми 2000-жылы туулган Ж.З., аттуу экинчи аскердин абалы оор деп бааланып, ал операцияга жаткырылган. Ага баш сөөктүн биргелешкен травмасы, сол ийининен октун сыныгы менен жаракат алган, жабык баш мээнин жаракаты, омуртканын сол баш сөөгүнүн майдаланган сынышы деген диагноз коюлган”, — деп айтылат маалыматта.