Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция болду

Бүгүн 1-июнда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында украиналык балдардын укугун коргоого багытталган акция өттү.

«Путиндин айынан анын агрессордук ой-максатынын кесепетинен Украинада канчалаган бөбөктөр өлүп, жетим калып жатышат. Бүткүл эл аралык коомчулук, прогрессивдүү адамзат Путинди эл аралык Гаага сотунда жоопко тартылышы керек деп талап кылалы», — дейт активист Өндүрүш Токтонасыров.

Токтонасыров «Путин өлгөн, жетим калган бөбөктөр үчүн Гаагада жооп бер» деген плакат кармап турду.