Жарандык активист мэриянын алдына салютка каршы пикетке чыкты

Бүгүн, 29-декабрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыкты.

Активист «Салют атылбасын!», «Аба тазалансын!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот.

Буга чейин экоактивисттер да аянттагы жаңы жылдык салютту токтотууну талап кылышкан болчу.