Депутаттар Талиева менен Нарматовага президент сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров бир катар коомдук ишмерлерге, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 29-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мындан сырткары Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бир катар мамлекеттик кызматкерлерге да сыйлык тапшырган. 

Агы ылайык,президенттик администрациянын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевге, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жана Надира Нарматовага “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.

Президенттин жарлыгы менен финансы министри Алмаз Бакетаев “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” наамын алды.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев илимге кошкон салымы үчүн сыйланды.