“Даңк” медалы менен кимдер сыйланды? (тизме)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктар менен белгиленди.

Ал эми төмөндө “Даңк” медалы менен сыйлангандардын тизмесин сунуштайбыз:

  • Батырбеков Тажимурза Турдалиевич – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
  • Дайырбекова Гулнара Мелисовна – “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
  • Капарова Чынара Абдылдаевна – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадиожурналистика кафедрасынын улук окутуучусу, “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасынын кеңешчиси;
  • Каримов Козубек – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахна жабдууларын эксплуатациялоо начальниги;
  • Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович – пенсионер, Бишкек шаары;
  • Кулматова Айнюся Шамшидиновна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Улуттук Биринчи каналдын “1-Канал” студиясынын редактору;
  • Маасалиев Айтбай Кудайбердиевич – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
  • Назаров Темирбек Токтобаевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын Ош гарнизондук офицерлер үйүнүн музыканты;
  • Осмонов Дамирбек Асилбекович – “Бикард” кардиохирургиялык клиникасынын башкы врачы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы интервенциялык кардиологу жана аритмологу, Европалык кардиологдор ассоциациясынын жана Америкалык кардиологдор колледжинин академиялык мүчөсү;
  • Рыскельдиев Турарбек – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;
  • Солдатов Игорь Васильевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун мөмөлүү өсүмдүктөрдүн лабораториясынын башчысы;
  • Теймуров Гамид Гамза-Оглы – Чүй облусунун Чүй районундагы “Ала-Тоо” айыл чарба кооперативинин башчысы;
  • Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
  • Чолпонбаев Замирбек Джапарович – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери.