1-июнь – Балдарды коргоо күнү. Нарында милиция балдарды куттуктады

Нарын ОИИБи: 1-июнь Балдарды коргоо күнү

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Нарын шаарындагы “Наристе-Нур” балдар бакчасына өздүк курамдын атынан 100даана балмуздак таратылды.

WhatsApp Image 2022 06 01 at 11.40.49 2 1-июнь - Балдарды коргоо күнү. Нарында милиция балдарды куттуктады

Мындан тышкары Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарындагы “Кадам” реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алып алардын колунан жазалган көркөм кол өнөрчүлүгүнө күбө болуп, жакындан таанышып майрамга утурлай акчалай жардам көрсөтүлдү.

WhatsApp Image 2022 06 01 at 11.40.49 1-июнь - Балдарды коргоо күнү. Нарында милиция балдарды куттуктады

Ошондой эле Нарын ШИИБи шаар аймагында эс алып жүргөн балдарга жана троллейбуста каттаган жашы жете элек өспүрүм балдарга жол эрежелерин түшүндүрүү менен атайын китепчелерди таратышып, балдарга Нарын ШИИБи тарабынан бал муздак берилди.

WhatsApp Image 2022 06 01 at 11.40.49 1 1-июнь - Балдарды коргоо күнү. Нарында милиция балдарды куттуктады

Андан соң Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Нарын шаарында жашаган 1- топтогу майып балдарга азык-түлүк алып берип жардам көрсөтүштү.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы