Талас ОИИБдин жетекчилиги балдарга майрам уюштурду


Бүгүн “1-июнь күнү Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө” карата Талас ОИИБдин жетекчилиги Талас шаарынын Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучуларын куттуктады.

Балдар арасында патриоттук сезимди чыңдоо, Мекенге кызмат кылууга кызыкчылыгын арттыруу максатында атайын эң жакшы окуган алдыңкы окуучулар облустук милицияга чакырылды. Аларды Талас ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Жаныбек Осмонбеков тосуп алып, имарат менен тааныштырып, жыйындар залына алып кирди.

WhatsApp Image 2022 06 01 at 11.57.57 1 Талас ОИИБдин жетекчилиги балдарга майрам уюштурду

Жыйындар залында ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов куттуктоо сөздөрүн айтып, даярдалган белектерди тапшырды. Балдарга алынган таттуулар жана суусундуктар тартууланып, милициянын күнүмдүк жумушун даңазалоо максатында тартылган архивдеги видео роликтер көрсөтүлдү.

Андан соң балдарга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн Марлис Асанов Талас облусунун Капар Медетбеков атындагы драма театрына билет алып берип, концерттик иш-чарага алып барды. ОИИБдин имаратында жаңырган балдардын күлкүсү, шаңы, жылмаюулары балдардын гана эмес милиция кызматкерлеринин маанайын көтөрүп, мээримге бөлөдү.


Талас ОИИБдин басма сөз кызматы.