Эртең айрым көчөлөр жабылат

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чараларга байланыштуу калаадагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага карата борбордук жана эски аянттар саат 07:00 дөн тартып, 12:00гө чейин жабык болот.

Төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Кең Чүй көчөсү Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн түндүктү көздөй М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
  • Фрунзе көчөсү чыгышты көздөй Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршурттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт.