Министр Айнура Акматованын жана үч кызматкердин жумуштан кетүү арызын кабыл алды

Саламаттык сактоо министрлигинин үч башкармалыгынын башчылары кызматтан алынды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, министр юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевдин, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеванын кызматтан кетүү тууралуу арыздарына кол койгон.

Эске салсак, буга чейин министр ага каршы чыккан кызматкерлерди жумуштан кетире албастыгын билдирген.