Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-майда Германиядагы иш сапарынан Кыргызстанга кайтып келди.
Буга чейин министр Женевадагы (Швейцарияда) Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышканы маалымдалган.
Министр иш сапардан келген соң Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин пленардык жыйынына катышты.
Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин анын отставкасын талап кылган орун басарлары боюнча: “Иш сапардан келсем, биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карай турган болдум”, — деп айткан.
Бул тууралуу комментарий берип жатып, министр:

Бул тууралуу комментарий берип жатып, министр: “Орун басарларымды мен иштен бошото албайм. Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гана кызматтан ала алат”, — деп билдирди.
Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гана кызматтан ала алат”, — деп билдирди.