Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны экинчи ирет болбой калды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-майдагы жыйыны кайрадан өткөн жок.

Комитеттин төрайымы Динара Ашимова өзүнүн айтымында, Жогорку Кеңештин имаратында жүргөн Аида Исатбек кызына телефон чалууну суранды.

«Келсин», — деп тыныгуу жарыялады.

Жыйынга келген депутаттар кесиптештерин 40 мүнөттөй күтүштү, бирок келишкен жок.

Тыныгуудан кийин Ашимова чогулгандардан кечирим сурап, жыйын башка күнгө жылдырылганын, бул тууралуу комитет кошумча маалымат бере турганын билдирди.

Белгилей кетсек, жыйындын күн тартибинде тогуз маселе каралмак.

Эске салсак, өткөн жумада комитет мүчөлөрү да комитеттин жыйынын үзгүлтүккө учураткан.