Россиядан изделип жаткан 24 кыргыз жараны кармалды

ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен бейбаштык, тоноочулук, алдамчылык, уурулук менен алектенгендер кармалды. Анын ичинде алимент төлөбөгөн жарандар дагы бар…

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн активдүү жардамы менен өз мекенинде издөөдө жүргөн жана республиканын чегинен тышкары чыгып укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдар аныкталып кармалды.
Ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого айыпталып, тергөөдөн жана соттон жашырынып издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча иш-чаралар Россиянын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүндөгү кесиптештери менен биргеликте кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын алкагында жүргүзүлдү.


Москванын жана Россиянын башка шаарларынын аймагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган.


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүй облусунда 1989-жылы туулган жаран Б.Р. кармалган. Ал, 2018-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-беренеси боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн активдүү көмөгү менен мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунда 1977-жылы туулган жаран М.А. кармалган. Ал Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан, 2021-жылдан баштап сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын КЖКнын 266-беренеси боюнча (бейбаштык) изделип келген (КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы).
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунда 1975-жылы туулган жаран Э.А. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө болгон. Узак убакыт бою чет өлкөдө жашынып жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.
Жалал-Абад облусунда 1990-жылы туулган жаран О.Ч. кармалган. Ал, Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2009-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 167-беренеси боюнча (КР КЖКнын 1997-ж. редакциясы) козголгон кылмыш ишинин алкагында, издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.
1982-жылы туулган коңшу республикалардын биринин жараны кармалды, ал Чүй облусунун Сокулук районунун Ички иштер бөлүмү тарабынан КЖКнын 90-беренеси (жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда сыноо мөөнөтүн дайындоо) “сыноо мөөнөтүнүн ичинде жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо” боюнча (КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы), бөгөт коюу чарасы – “камакка алуу” түрү тандалып, изделип жаткан адам кармалган жана Москва шаарынын Тергөө абагына киргизилген. Учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
Ош облусунда 1991-жылы туулган жаран Т.К. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖКнын 297-беренесинде (жол кыймылынын эрежелерин жана автомототранспорт каражаттарын бузуу) каралган кылмыштын курамынын белгилери боюнча Ош облусунун Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан. (КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы). Аталган жарынга карата 2021-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, издөөдө жүргөн.
Жалал-Абад облусунда 1969-жылы туулган жаран М.А. кармалган. Ал, 2010-жылы Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-беренеси (курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык) менен козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн ( КР КЖКнын 1997-ж. редакциясы). Издөө демилгечисине кабарланды.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунда 1989-жылы туулган жаран М.Д. кармалган. Ал 2007-жылы КР КЖКнын 359-беренеси (кызмат ордун өзү билип калтыруу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн (КР КЖКнын 1997-жылдын редакциясы). Издөө демилгечисине кабарланды.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2016-жылдан тартып КР КЖКнын 166-беренеси (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында (КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы) изделип жаткан Жалал-Абад облусунда 1973-жылы туулган жарандын жайгашкан жери аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Ички иштер бөлүмү тарабынан 2014-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча) козголгон кылмыш иши боюнча изделип жаткан Ысык-Көл облусунда 1979-жылы туулган жаран С.Ж. жашап жүргөн жери аныкталган. Издөө демилгечисине кабарланды.
Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 200-беренеси (турак жайга кирүү менен алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө уурулук, КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында изделип жаткан Ош облусунда 1996-жылы туулган Т. уулу А. кармалган. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Издөө демилгечисине кабарланды.
2009-жылдан тартып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Бишкек шаарында 1983-жылы туулган П.И. кармалган. Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-беренеси менен (алдамчылык ири өлчөмдө жасалган) козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн (КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча). Издөө демилгечисине кабарланды.


Чүй облусунда 1967-жылы туулган жаран Ч.Г. турган жери аныкталган, ал 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан, кредиттер боюнча карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген. Издөө демилгечисине кабарланды.
Бул иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жана укук бузуучуларга карата издөө жарыялаган Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен бирге маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында ишке ашкан.


Мындан тышкары, жогоруда белгиленген издөөдө жүргөн адамдардын жарымы балдарын узак убакыт бою багуудан баш тартып, балдарына алимент төлөбөгөндөр болуп чыкты.
Алардын айрымдары дээрлик 7 жылдан бери жашы жете элек балдары бар экендигин эстегиси келбеген жарандар.


Издөө иши ачылган качкын аталарга алименттик милдеттенмелер эскертилди. Издөө демилгечилерине билдирилди. ИИМдин Өкүлчүлүгү тарабынан издөөдө жүргөн бардык адамдардан алимент боюнча карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелер алынды. Алардын баарына жашы жете элек балдарын эстөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
Ошентип, төмөнкү адамдардын жайгашкан жери аныкталды:

  • Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунда 1983-жылы туулган К.Р., Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген. Издөө демилгечисине билдирилди, изделип жаткан адамдан алимент боюнча карызды жоюу жөнүндө милдеттенме алынды.
    -Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунда 1986-жылы туулган Ж.Р., алимент төлөбөгөндүгү үчүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.
    -Кыргыз Республикасынын жараны Ош облусунда 1982-жылы туулган К. уулу А. алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.
    -Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунда 1994-жылы туулган А.А. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөн адам катары изделген.
  • Чүй облусунда 1981-жылы туулган М.Д. алимент төлөбөгөндүгү үчүн Чүй облусунун Токмок шаардык Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.
  • Нарын облусунда 1976-жылы туулган Дж.М. Нарын облусунун Кочкор райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген.
  • 1970-жылы туулган жаран А.Ш. Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2020-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.
  • Ош облусунда 1981-жылы туулган Т.К. 2019-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип келген.
  • Ош облусунда 1976-жылы туулган К.А 2015-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип келген.
  • 1991-жылы туулган жаран Э.А. Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2021-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.
  • Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган А.К. 2020-жылдан тартып Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан жаран.

  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин РФдеги Өкүлчүлүгү тергөөдөн жана соттон качып, издөөдө жүргөн, республиканын чегинен тышкары укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.