Токмокто жол кырсыгынан бир адам каза болду

Чүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Тойота Ипсум жана Хундай Портер үлгүсүндөгү эки унаа кагылышып, анын кесепетинен 48 жаштагы эркек киши ошол жерден каза болуп, дагы төрт адам жабыркаган.

Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген