Тажикстанда «куралчан топтун мүчөлөрүнүн» сегиз жоочусу жок кылынды

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик каза тапкандарды «куралчан топтун мүчөлөрү» деп атады.

“Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты.

Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун 8 жоочусу жок кылынды, 11и жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.