Бишкек – Ош унаа жолу ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жаандан улам сел суусу каптап, жабылып калган Бишкек – Ош унаа жолу саат 22:15те ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптап, унаа жол жабылып калган.

Жерине КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, №956 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч тартылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында саат 22:15те унаа жол толук тазаланып, ачылган.

Бишкек – Ош унаа жолу ачылды