“Ош” аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү

“Ош” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү.

Социалдык тармактарда тараган видеодон имараттын шыбынан суу агып жатканын көрүүгө болот. Видеодо аэропорттун бардык жерин суу каптаган.

Ал эми “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кырсыктан эч ким жабыркабаганын, аэропорт кадимке тартипте иштеп жатканын билдирди.

MyCollages 16 “Ош” аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү