Бердибек Жамгырчиев: “Алымкадыр Бейшеналиев “коррупционер халатчандардын” чекесине чыккан чыйкан болуп жатты эле”

Акын Бердибек Жамгырчиев Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалгыз калып, орун басарлары чөөлөрдөй талай баштаганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 – Ушул адам жакшы иштеп, эчен жылдан бери былкылдабай жаткан уюкту чукуп, бетсиздердин бетин ача баштады эле! Эми ошонун баары бириге калып, бу кишинин айласын кетирип жаткандай туюлууда.. Ак халатчан кара ниет, коррупционер, акча десе жан берген доктурлар толтура, бул адам ошолордун чекесине чыккан чыйкан болуп жатты эле! Эми жалгыз калып, чөөлөр талай баштаптыр, – деп жазды акын.

Эске сала кетсек, 16-май күнү минстрдин 3 орун басары атайын маалымат жыйын өткөзүп, президент жана вице-премьерге Бейшеналиевди иш орудунан алуу боюнча кайрылуу жасашкан.