Журналист Ыдырыс Искаковдун видеосу боюнча милиция жооп берди

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында көз карандысыз журналист Ыдырыс Искаков
Кемин районунун аймагындагы мал уурулукка байланыштуу катталган
материалдардын фактысы боюнча видео материал жарыялап, айрым
материалдар милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кыскартылганын
айткан.


Бул видеоматериалда, сотко чейинки өндүрүштө 6 иш себепсиз
кыскартылганы айтылган. Кемин РИИБдин текшерүүсүнүн жүрүшүндө учурда 3
факт боюнча гана сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу чечими кабыл алынганы
аныкталган. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин
ченемдерине ылайык кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдер прокуратура
органдары тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзамдуу деп табылган.


Ошондой эле видеоматериалда көрсөтүлгөн айрым фактылар боюнча учурда
бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул видеодо журналист тарабынан туура эмес маалыматтар жарыяланган.
Жасалган кылмыштар жана кабыл алынган чечимдер тууралуу айтылган
маалыматтар чындыкка дал келбээрин билдирүү менен бул жалган маалыматтар
кайдан алынганы такталып жатат.
Бирок ага карабастан, Чүй ОИИББдин жана Кемин РИИБдин жетекчилиги
көрсөтүлгөн фактылар боюнча аталган даректерге барышып, жергиликтүү
тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Кошумчалай кетсек, учурда бул фактылар Чүй ОИИББнын жана Кемин районунун
ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.