
Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 13-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.
Кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.