Жалал-Абадда опузалап акча талап кылган шектүү Бишкектен кармалды

Жалал-Абаддын тургунун опузалап акча талап кылган шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 49 жаштагы тургуну облустук милицияга арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 31-март түнкү саат 03:00 чамасында анын үйүнө бейтааныш 5 бала кирип, “биз общактанбыз” деп коркутуп, «Ноутбук» жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышып, өзүн машинага салып талаага алып барып уруп, 50 000 (элүү миң) сом акча опузалап талап кылып, кайра үйүнө таштап кетишкендигин билдирип, кылмышкерлерди таап аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган арыз 2022-жылдын 1-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

«Бул кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2022-жылдын 6-апрель күнү Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган Ш.М. шектүү катары кармалып, соттун санкциясынын негизинде баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктап, тергөө кызматына камсыз кылуу максатында бир катар ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада анын кылмыштуу шериги Кыргыз Республикасынын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон, Жалал-Абад шаарынын 1997-ж.т. тургуну Р.Э. экендиги такталып, 2022-жылдын 13-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин УКИне киргизилген.
Бүгүн шектүү Р.Э.нин баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралмакчы»,-деп айтылат маалыматта.