ИИМдин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери ант беришти

2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жазгы чакырыктагы жаш жоокерлерин аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 05 14 at 15.56.13 ИИМдин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери ант беришти


Аскердик антка келтирүүгө чейин, бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди жана саптык, дене-тарбия, ок атуунун ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүштү.

WhatsApp Image 2022 05 14 at 15.55.59 ИИМдин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери ант беришти


Жаш Мекен сакчыларын Ички аскерлердин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Ички аскерлердин ардагерлери, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлдөрү, жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.
Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык, кармашуу, кылмышкерлерди кармоо жана барабанчылардын саптык көрсөтүүлөрү менен уланды. Соңунда жаш жоокерлердин назарына майрамдык концерт тартууланды

WhatsApp Image 2022 05 14 at 15.56.15 ИИМдин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери ант беришти