Чоң-Арык айылына жаңы гүлбакча курулат

Чоң-Арык айылына жаңы гүлбакча курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

whatsapp image 2022 05 Чоң-Арык айылына жаңы гүлбакча курулат

Маалыматка ылайык, Чоң-Арык айылынын тургундары Береговая көчөсүн бойлой гүлбакча уюштуруу өтүнүчү менен Ленин районунун акимине кайрылышкан.

Белгиленгендей, бул аймактын жашоочулары үчүн сейилдөөчү жана эс алуучу жайлар жок.

Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жеке өзү гүлбакча курула турган жерди көрүп, эл менен жолугуп, аймакты көрктөндүрүү маселесин талкуулады.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы «Чоң-Арык» МАБнын башчысына «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте долбоорду иштеп чыгып, аянттын сметасын эсептеп, борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2023-жылга болгон өндүрүштүк иштеринин титулуна киргизүүнү тапшырды.