Бишкекте бир көчө эл сейилдеген гүл бакча болот

Бишкекте бир көчө эл сейилдеген гүл бакча болуп жасалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, гүл бакча кылып жасоо үчүн узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү (Медеровдон Абай көчөсүнө чейин) тандалып алынган.

«Келечектеги жөө жүргүнчүлөр зонасы курула турган жерде Биринчи май муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Руслан курулуш иштеринин деталдарын талкуулашты», — деп билдиришти мэриядан.

a941ae5e 7139 4d0b ae5c 2153e17ebad2 Бишкекте бир көчө эл сейилдеген гүл бакча болот