Даараткана, гүл сатуучу павильондор, бир дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар Бишкектин борборунан орун алат

Бишкек мэриясынын сайтында Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде салына турган гүлбакчанын эскиздери жарыяланды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул жерде жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот. Ыңгайлуу болуш үчүн коомдук даараткана, гүл сатуучу павильондор, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар орнотулуп, бак-дарактар тигилет. Аялдаманын ордуна жол тыгынын азайтуу пунктун жасоо пландалууда.

Учурда жеринде эски тосмолор демонтаждалууда. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

BEK 1926 1 Даараткана, гүл сатуучу павильондор, бир дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар Бишкектин борборунан орун алат



Гүлбакчанын эскиздик долбоору мэриянын тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыкты.

BEK 1967 Даараткана, гүл сатуучу павильондор, бир дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар Бишкектин борборунан орун алат