Башкы прокуратура Ширшовго козголгон иштер боюнча комментарий берди

«Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 2010-жылы үч 2014-жылы бир кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

2010-жылдын 29-апрелинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «Дастан» ААКнын акцияларын мыйзамсыз чыгаруу менен мамлекетке зыян келтирилгендиги фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 2010-жылдын 20-майында ишкананын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кылмыш-жаза кодексинин 221-бер. 2-бөл. (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен жоопко тартылган. 2011-жылдын 11-январында кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген.

2010-жылдын 30-июлунда Ширшовдун «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жана «Ситихоллдинг» ЖЧКсынын ортосундагы трансформаторлорду алып келүүдөгү мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишимди түзүүгө аралашканы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-бер. 2-бөл. 2-п., 3-бөл. 2-п. (Алдамчылык) менен иш козголгон. Иш боюнча Ширшов Кылмыш-жаза кодексинин жогорудагы беренеси менен жоопко тартылып, иш 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жиберилген.

2010-жылдын 29-июнунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Ширшов “Бишкек энерго омплекс», «Ресурс энерго универсал» жана «Бишкек газ проект» ЖЧКлары менен «Кыргызгаз» ишканасынын ортолорундагы мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишимдерди түзүүдө катыштыгы аныкталган.

2010-жылдын 18-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси менен кылмыш иши козголгон:

30-бер. 3,4-бөл., 171-бер. 2-бөл. 2-п., 2-бөл. 1-п., 4-бөл. 1-п. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу),  215-бер. (Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу), 166-бер. 2-бөл. 2-п., 4-бөл. 2-п. (Алдамчылык), 30-бер. 6-п., 306-бер. 2-бөл. 1-п. (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу). Иш 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жиберилген.

Жогорудагы 3 кылмыш иши Биринчи май райондук соту тарабынан бир өндүрүшкө бириктирилип каралган. 2015-жылдын 19-январында Алексей Ширшов «Дастан» ААКнын акцияларын мыйзамсыз чыгаруу менен мамлекетке зыян келтирилгендиги фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 221-бер. 2-бөлүгү менен күнөөлү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ал эми калган мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишимдерди түзүүдө катышкандыгы боюнча айыптары анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген жүйө менен акталган. 2015-жылдын 19-мартында Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, А.Ширшовго 100 эсептик көрсөткүчтөгү айып салган.

2014-жылдын 20-июнунда Башкы прокуратура тарабынан Ширшовдун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында жайгашкан “Пансионат “Витязь” ЖЧКга тиешелүү жер тилкесин жана кыймылсыз мүлктөрүн улутташтырууда мыйзамсыз аракеттери аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 309-бер. (Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу) менен кылмыш иши козголуп, иш 2014-жылдын 19-ноябрында соттун кароосуна жиберилген.

2018-жылдын 9-октябрында Октябрь райондук соту Алексей Ширшовду КЖКнын 309-бер. боюнча күнөөлү деп таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазадан бошоткон. 2019-жылдын 17-майында Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүнүн жаза дайындоо бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттордун өкүмдөрү күчүнө киргендигине жана алар аткарылгандыгына байланыштуу А.Ширшовго коюлган бөгөт коюу жана чектөөлөр жокко чыгарылган.