ИИМдин ардагерлери арасында бильярд турнири өттү

ИИМ: ИИОнун ардагерлери арасында бильярд турнири өттү
12-майда “Санклуб” бильярд клубунда милициянын ардагерлери арасында бильярд боюнча турнир өттү. Бул мелдештин уюштуруучусу жана демөөрчүсү милициянын полковниги Азамат Ногойбаев жетектеген Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы болду.

WhatsApp Image 2022 05 13 at 13.03.43 ИИМдин ардагерлери арасында бильярд турнири өттү

Турнирдин ачылышына ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов катышты. А.Бийбосунов өз сөзүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигине турнирди уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар өлкөдөгү укук тартибин коргоо кызматына көп жылдар бою эмгектенген ардагерлердин ден соолугун чыңдоого жана маанайын көтөрүүгө өбөлгө түзөөрүн айтты. Ошондой эле, Адылбек Качкынбекович бул мелдештерде эң негизгиси жеңиш эмес, катышуу экендигин айтып, катышуучуларга ден соолук жана бакубатчылык каалап кетти.

WhatsApp Image 2022 05 13 at 13.03.43 1 ИИМдин ардагерлери арасында бильярд турнири өттү


Катышуучулардын алдында жылуу сөздөрү менен Азамат Ногойбаев чыгып сүйлөп, ал турнирге өлкөнүн бардык облустарынын, Ош жана Бишкек шаарларынын, ИИМдин борбордук аппаратынын өкүлдөрү келип, 48 катышуучу катталганын айтты. Ошондой эле ал жеңүүчүлөрдү жакшы байгелер күтүп тургандыгын, ошондуктан жеңишке жетүү үчүн бардык чеберчилигиңди көрсөтүш керектигин белгиледи.


Андан кийин турнирдин башкы судьясы Кыргыз Республикасынын Бильярд спорт федерациясынын сот коллегиясынын төрагасы Д.Салахитдинов, турнир Москва пирамидасынын эрежелери боюнча олимпиадалык система боюнча өткөрүлө тургандыгын жарыялады, б.а. утулган адам чыгып кетерин белгиледи.
Андан кийин чыныгы бильярд атаандаштыгы башталды. Алдын ала чыгып кетүү оюндары жүрүп жатканда, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев облустук ардагерлер кеңештеринин төрагалары үчүн Ата-Бейитке сапар уюштурду. Ар бир кыргызстандык үчүн ыйык болгон Ата-Бейит жергесинде, 2010-жылдын 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында курман болгон жана биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго куран окуу менен эскеришти. Андан кийин ардагерлер Бишкек ШИИББ музейине барып, башкы башкармалыктын калыптануу тарыхы жана ишмердүүлүгү менен таанышышты.

WhatsApp Image 2022 05 13 at 13.03.42 1 ИИМдин ардагерлери арасында бильярд турнири өттү


Ал эми учурда “Санклубда” бильярд жашыл талаасында мелдеш болуп жаткан учуру. Ар бир оюн менен жеңилген жана мелдештин күчтүүлөрү аныктала башталды. Жеңүүчүлөрдүн арасында С.Айдаров (Бишкек ШИИББ) жана В.Абдылдаев (паспорт кызматы) айырмаланып, алар үчүнчү орунду ээлешти. Ал эми финалга кия чеберлери О.Орозбеков (Ички иликтөө кызматы) жана С.Баранников (5-башкармалык) чыгышты. Биринчи оюнда жеңишке С.Баранников жетишсе, экинчи оюнда О.Орозбеков – 1:1 жеңип чыкты. Акыркы оюнда болсо О.Орозбеков жеңишке жетишти.


Жеңүүчүлөрдү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев сыйлашты. Үчүнчү орунду ээлегендер С.Айдаров менен В. Абдылдаев медаль, грамота жана үч миң сомдон алышты. Экинчи орун үчүн С.Баранников медаль, грамота жана алты миң сом алды. Ал эми жеңүүчү О.Орозбеков Кубок, грамота жана он миң сомго ээ болду.