Бишкекте жаңы төрөлгөн балдардын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын аймагынан жаңы төрөлгөн балдардын жансыз денеси табылды.

Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен жаңы төрөлгөн 2 ымыркайдын жансыз денеси табылган.

Бул факты Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, бардык экспертизалар дайындалды.