Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

Бирок, бул демилге коомчулукта бир катар сын кептерди жаратып, талкууга алынган.

Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.