Россиядан бир айда 15 “Жүк-200” алынып келинген

Акыркы бир ай ичинде Кыргызстанга Россиядан бул өлкөдөгү элчилик аркылуу 15 “Жүк-200” алынып келинген.

Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн апрель айындагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасында жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, маркумдардын жакындарына укуктук жардам көрсөтүлгөн, мыйзамга ылайык сөөктү жеткирүү үчүн акчалай жардам төлөнүп берилген.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300дөй экени чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде былтыр айтылган.