Билл Гейтске коронавирус жукту

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтске коронавирус жукту.
«Тесттин жыйынтыгында COVID табылды», – деген миллиардер вирустун белгилери
жеңил экенин айткан.


Өзүнүн айтымында, коронавирустан толугу менен эмделип, бустердик эмдөөдөн да
өткөн.

Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет.