Россияда 9-майда 125 киши кармалды

Россияда 9-майда Жеңиш күнүнө карата өткөн иш-чаралар учурунда бери дегенде эле 125 киши кармалды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын 80ден ашыгы согушка каршы акциялар, пикеттер жана символдор үчүн кармалган.

rossiya miting Россияда 9-майда 125 киши кармалды

«Москвадагы Пушкин аянтында согушка каршы экенин билдиргендерге момпосуй таратып жүргөн бир киши кармалды. Полиция кызматкерлери аны менен чогуу SOTA басылмасынын журналисти Егор Шатовду да кармап кетишти. Ал маалда кабарчы момпосуй таратып жүргөн кишиден интервью алып жаткан», — деп жазды «ОВД-Инфо».

Мындан тышкары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казан, Оренбург жана башка шаарларында «Өлбөс полк» акциясына согушка каршы жазууларды көтөрүп чыккан ондогон киши кармалды. «ОВД-Инфонун» маалыматына караганда, алардын айрымдарына орус армиясын дискредитациялоо тууралуу протоколдор түзүлдү.

Ошондой эле Москва метросунда адамды жүзүнөн таануу системасынын жардамы менен бери дегенде эле 37 киши кармалганы кабарланды. Алардын бешөө Жеңиш күнүндөгү акцияларга байланыштуу, калгандары ага чейинки пикеттер үчүн кармалган.